Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

ТИМ Орусияда миграциялык каттоонун жаңы тартиби тууралуу эскертти


Москвадагы миграциялык борбор, архивдик сүрөт.
Москвадагы миграциялык борбор, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда 26-октябрдан тартып чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоодон өткөрүүнүн жаңыланган тартиби күчүнө киргенин билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандык жарандар Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарына электрондук форматта жөнөтө алат. Ал үчүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында" жеке кабинети болушу керек. Андан сырткары электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл.

"Батирдин ижарасы тууралуу келишим түзгөндө, жарандар ошол үйдүн ээсинин кошумча макулдугусуз эле (өзү барып, же электрондук түрдө) өзү жана жашы жете элек балдары тууралуу ошол келишимден кабар бере алат", - деп жазылган маалыматта.

ТИМ бул өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине каттоого туруудагы техникалык кыйынчылыктар, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы мүчүлүштүктөр жана каттоо фактысын тастыктоого кеткен убакыттын көптүгүнө байланыштуу жарандардан кайрылуулар түшүп жатканын белгиледи.

ТИМ мыйзамдагы мындай өзгөрүүлөр орус тарап менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашып жатканын белгиледи.

Учурда миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден түйүн иштеп жатат.

Соңку айларда Орусияда мигранттарга каршы рейддер күчөгөн.

Орусияда миллионго жакын кыргызстандык эмгектенип жүрөт. Расмий маалыматта 500 миңден ашуун кыргызстандык орус паспортун алган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, соңку эки жылда Орусияда эмгектенген кыргыз жарандыгы барлардын саны кыскарууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG