Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

Шакиев мамлекеттик тууну өзгөртүү аракети тууралуу комментарий берди


Спикер Нурланбек Шакиев.
Спикер Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси боюнча “Азаттыкка” 31-октябрда комментарий берди.

“Бул өтө маанилүү маселе. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз”, - деди Шакиев Бишкекте талаштуу ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган жыйындан кийин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берген учурда.

Ал коомдук пикир, авторлордун да, коомдогу активдүү жарандардын да пикири "сөзсүз эске алынат" деп кошумчалады.

Коомдогу сын-пикирлер тууралуу суроого спикер: “Анын жарымы жалган, жарымы чын. Троллдор жазып жатат, фейктер болуп жатат. Ошол эле учурда туура сын да бар, туура эмес да сын бар. Алардын баарын карайбыз. Эске алабыз”, - деп жооп кайтарды.

Тууга түшүрүлгөн күн нурларын өзгөртүүнү камтыган мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов сунуштаган. Демилгечилер мыйзам долбоору өлкөнүн негизги мамлекеттик символдорунун бирин жакшыртууга багытталат деген жүйө келтиришкен. Алардын пикиринде, туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күнкараманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылат”.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Көкүлов мыйзам долбоорун сындап, желекти өзгөртүүдөн башка чечүүгө муктаж маселе көп экенин айтып чыгышкан.

Социалдык тармактарда демилге кызуу талаш-талкуу жаратууда.

Президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул сунушту колдой турганын билдиришкен.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийин парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG