Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кеткени кабарланды

Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан алынганын бүгүн 31-октябрда “Азаттыктын” өз булактары кабарлашты. Анын ордуна Айбек Жунушалиев келгени белгилүү болду.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдары боюнча, Бишкектин башчысын дайындоо жана кызматтан алуу укугу президентте.

47 жаштагы Жунушалиев Бишкекти 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин башкарган. Кийин ал президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул кызматты аркалап келаткан.

Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 2022-жылы февралда дайындалган.

XS
SM
MD
LG