Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Орусияда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналистинин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

Орусияда сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашеваны камакта кармоо тууралуу чечимди күчүндө калтырды. 31-октябрда Татарстандын Жогорку соту аны 5-декабрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.

Журналист 23-октябрда Казан шаарынын Совет райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Адвокат соттон ага карата эркинен ажыратпаган бөгөт чарасын тандоону өтүнгөн.

31-октябрдагы сот отурумуна журналисттер киргизилген жок, Алсу Курмашева ага тергөө абагынан видеобайланыш аркылуу катышты.

Орусиянын Тергөө комитети Курмашевага 26-октябрда “чет элдик агент катары катталуу милдетин аткарган эмес” деген айып таккан. Тергөөчүлөр журналист өзү чет элдик агенттердин тизмесине кошуу үчүн документ тапшырышы керек эле деп эсептешет.

Бул Орусияда журналистке ушул берене менен козголгон алгачкы кылмыш иши.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.

Радионун татар-башкыр кызматынын редактору, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Журналистти токтоосуз бошотууга чакырган билдирүүлөрдү БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.

Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волго-Уральск аймагындагы аз улуттардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча программаларды даярдап келген.

XS
SM
MD
LG