Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Төө-Ашууда жүк ташыган машинелерге киргизилген чектөө кайра алынды


Төө-Ашуу ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Төө-Ашуу ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош унаажолунун Төө-Ашуу ашуусуна чыгып бараткандагы "Сосновка" постунда жүк ташыган транспорттордун каттамына киргизилген убактылуу чектөө кайра алынды. Бул тууралуу 1-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.

Чектөө кечээ, 31-октябрда түш чендерде аба ырайынын кескин начарлашынан улам коюлган. Маалыматка караганда, кар жаап, аталган автоунаа жолунун 124-136-чакырым аралыктарында жүрүү татаал болуп калган. Анда тазалоо, кум себүү иштери жүргүзүлдү.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырат.

Кыргыз гидромет борбору 31-октябрь - 2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрө турганын эскерткен. Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG