Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Токаев Макрондун сапарын "тарыхый" деп сыпаттады


Макрон жана Токаев. Астана. 1-ноябрь, 2023-жыл
Макрон жана Токаев. Астана. 1-ноябрь, 2023-жыл

Француз президенти Эммануэл Макрондун Астанадагы расмий сапарынын жүрүшүндө Франция жана Казакстан стратегиялык минералдар жаатында кызматташуу тууралуу декларацияга кол коюшту.

Стратегиялык минералдардын тобуна радиоактивдүү металлдар да кирет. Bloomberg агенттиги Макрондун сапары алдында Казакстан дүйнөлүк уран базарында чоң роль ойной турганын жазган. Франциялык Orano атомдук компаниясы Казакстанда уран кенин иштетет.

Ак Ордонун басма сөз кызматы белгилегендей, президент Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдө тараптар соода, экономика жана инвестициялар чөйрөсүндөгү алака-катнашты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Кол коюлган документтердин арасында Казакстанда Франциянын Өнүгүү агенттигинин тобун түзүү, эл аралык француз мектептерин ачуу, француз тилин орто мектептерде окутуу тууралуу макулдашуулар бар.

Bloomberg ошондой эле француз мамлекет башчысынын Казакстан жана Өзбекстанга сапары ал өлкөлөрдү Орусия менен мамилелерди алсыратууга жана Евробиримдик менен байланыштарды чыңдоого көндүрүүнү көздөшү ыктымал деп болжолдогон.

Токаев Макрон менен өткөргөн маалымат жыйында сапарды "тарыхый" деп атады жана эки тараптын кызматташтыгын өнүктүрүү "азыркыдай татаал геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалда өзгөчө актуалдуу" деп билдирди.

“Азаттыктын” казак редакциясы Астанада Макрондун сапары учурунда бир нече активист кармалганын кабарлаган. Алар француз президентине Казакстандагы адам укуктары бузулганын айтып берүүнү көздөшкөнүн билдиришкен.

XS
SM
MD
LG