Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Байден Газада гуманитардык тыныгуу жарыялоону колдой турганын билдирди


Байден Миннесотадагы иш-чарада. 1-ноябрь, 2023-жыл
Байден Миннесотадагы иш-чарада. 1-ноябрь, 2023-жыл

АКШ президенти Жо Байден Израил менен ХАМАСтын куралдуу жаңжалында гуманитардык тыныгуу жарыялоону колдорун билдирди. Миннесота штатында элдин арасынан берилген суроого жооп кайтарып, президент: "Тыныгуу керек деп ойлойм", -деди.

"Туткунда кармалып жаткандарды чыгаруу үчүн убакыт берүүгө тыныгуу зарыл экенин" тактай кетти.

Кийинчерээк Ак Үйдүн өкүлү Байден туткундарды эмес, ХАМАС 7-октябрда кармап кеткен барымтадагы кишилерди айтканын түшүндүрдү.

Президент азыркы кырдаал израилдиктер жана мусулман дүйнөсү үчүн «өтө татаал» деп айтты.

«Мен «эки мамлекет» формуласын колдойм. Эң башынан эле колдоп келгем. ХАМАС террордук уюм, ачыктан-ачык террордук уюм», - деп билдирди АКШ лидери. Муну менен катар гуманитардык жардамдын үстүнөн иштеп жатканын, Израилдин премьери Биньямин Нетаньяхуну жана Египет президенти Фаттах ас-Сисини Газага гуманитардык жүк жеткирүүгө уруксат берүүгө көндүргөнүн белгиледи. Ошол эле маалда ал ок атышууну толук токтотууну колдогон жок.

Буга чейин Байден жана Ак үйдүн өкүлдөрү Израилге жоочуларга каршы согушту кандай жүргүзүү керектигин таңуулабасын билдиришкен.

«Свобода» радиосу жазганына караганда, америкалык президент укук коргоочулардын, дүйнө лидерлеринин жана демократтар партиясындагы либералдардын кысымына туш болууда. Алардын пикиринде, Израилдин Газаны бомбалоосу коллективдүү жазалоо болуп эсептелет жана муну токтотуу зарыл.

Анклавды башкарган ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны камоолго алып, бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 8,5 миңден ашуун киши каза тапканын, көбү балдар менен аялдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1400 киши деп кабарланган. Барымтага алынган 250дөй киши Газада кармалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG