Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Президент жакырчылыкты жоюуда эл аралык коомчулуктун колдоосу керек экенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 3-ноябрда "Жакырчылык жана теңсиздик" деп аталган улуттук форум өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров видеокайрылуусунда жакырчылыктан чыгууга байланыштуу өкмөт аракет кылып жатканын, ошол эле маалда эл аралык коомчулуктун колдоосу маанилүү экенин билдирди.

"Эмгек акыны жогорулатуу, пенсия менен жөлөк пулдарды, калктын жакыр жана социалдык жактан аялуу катмарына социалдык төлөмдөрдү көбөйтүүнү камсыз кылуу негизги аракеттердин бири болуп кала берет. Өлкөнүн бардык катмарында тең укуктуулукту камсыз кылып, жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жагымдуу шарт түзүүгө багыт алабыз. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму, эл аралык уюмдар жана каржы институттары менен өнөктөштүктө туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө чечкиндүү белсенүүдө. Эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрү өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу жаатында өз милдеттемелерин аткаруу үчүн макулдашып, биргелешип иштөөсүн камсыз кылуу өтө маанилүү",-деди Жапаров.

Соңку жылдары өлкөдө бюджеттик мекемелерде иштегендер айлыгы, пенсия, жөлөк пул жогорулаганы менен кымбатчылык күч алды.

Улуттук статистика комитети буга чейин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 350 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан насыя алганын, бул былтыркы жылдын мезгилине салыштырмалуу 17% көп экенин билдирген.

Өлкөдө жакырчылык менен үй-бүлөлүк кирешенин азайышы жарандарды насыя алууга түрткөн факторлордун бири катары аталып келет. Жакырчылыктын деңгээли 2021-жылы кескин көтөрүлгөн.

Расмий статистика боюнча, 2020-жылы 25,3% болгон жакырчылык 2021-жылы 33,3% чыккан. Калктын өтө жакыр бөлүгү 0,9 пайыздан 6% чейин жетти. Жакырчылык боюнча 2022-жыл менен быйылкы жарым жылдыктын маалыматтары жарыялана элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG