Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусияда "Медиазонанын" экс-негиздөөчүсү Верзилов 8,5 жылга кесилди


Петр Верзилов.
Петр Верзилов.

Москвада сот Pussy Riot тобунун катышуучусу, "Медиазона" басылмасынын мурдагы негиздөөчүсү Петр Верзиловду орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан деген берене боюнча сыртынан 8,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу аталган басылманын кабарчылары 3-ноябрда сот залынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Верзиловго кылмыш иши X (мурдагы «Твиттер») социалдык түйүнүнө Бучадагы кыргын тууралуу жазылган төрт билдирүүсү үчүн козголгон. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал билдирүүлөрдө «Орусиянын кызыкчылыктарына кедергисин тийгизип, социалдык чыңалууну козгой турган» чакырык камтылган. Соттун өкүмүнө караганда, Верзилов өз посттору менен «жарандарда атайын операциянын максаттары тууралуу жалган пикир жаратуу коркунучун» түзгөн. Орусияда Украинадагы согушту "атайын операция" деп аташат.

Украин бийлигинин, андан тышкары журналисттердин атайын иликтөөлөрүнүн, БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдарынын бүтүмүнө караганда, 2022-жылдын февраль-март айларында Буча шаарын орус армиясы окуппациялап турган кезде жүздөгөн жергиликтүү тургундар өлтүрүлгөн.

Алардын айрымдарын орус аскерлери өлтүргөнүн далилдеген фактылар бар. Москва Бучадагы окуяларды төгүнгө чыгарып, аны «ойлоп табылган» же «бучалыктарды украин аскерлери өлтүргөн» деп билдирип келет.

Верзилов 2020-жылы эле Орусиядан чыгып кеткен. Ал быйыл октябрда видеоблогер Юрий Дудга берген маегинде Украин куралдуу күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөнүн айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG