Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Казак активисти Марат Жыланбаев ачкачылык жарыялады


Казак активисти Марат Жыланбаев сотто.
Казак активисти Марат Жыланбаев сотто.

Казакстанда 60 жаштагы активист Марат Жыланбаев соттук жараяндын ачык өтүшүн талап кылып ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал өзү 2-ноябрда жабык өткөн сот отурумунда билдирди.

"Кечээ (1-ноябрда) мен сот жабык өткөнү үчүн оозумду тигип алгам. Мен күнөөсүз экенимди башкалар көрүшүн каалайм. Соттун ачык өтүшүн талап кылам. Мен ошондой эле ачкачылык жарыяладым. Акырына чейин ачкачылык кармайм", - деди Жыланбаев. Анын видеосун 3-ноябрда NotExtremists телеграм-каналы жарыялады.

Мурат Жыланбаев бир нерсе болсо, анын өлүмүнө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, тергөөчүлөр жана экспертизага катышкан саясат таануучулар күнөөлүү болорун кошумчалады.

Каттоодон өтө албай жаткан оппозициялык «Алга, Казакстан!» партиясынын лидери Жыланбаевдин сот жараяны 30-октябрда башталган.

"Аты аталбаган" күбөлөрдүн өтүнүчү менен ал жабык режимде өтүүдө. Айыпталуучу, тарапташтары жана авдокат буга каршы чыгышкан.

Быйыл май айында марафонго адистешкен 60 жаштагы атлет административдик иш боюнча камакка алынган. Кийин ага «тыюу салынган уюмдун ишмердигине катышуу», «экстремисттик уюмду каржылоо» беренелери менен кылмыш иш козголгон.

Жылынбаев казак бийлигин сындап, тынч акцияларга катышып жүргөнү менен белгилүү. Ал тагылып жаткан күнөөнүн бардыгын четке кагууда. Активист жана санаалаштары иштин артында саясий жүйө турат деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG