Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:09

Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупциянын 90% жоюлганын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупциянын 90% жоюлганын билдирди. Ал 4-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына өлкөнүн бюджети ошонун эсебинен көбөйүп жатканын жазды.

"Коррупциянын тамырын 100% кыркып бүтө элек болсок дагы, 90% жойдук. Ошон үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат. Тышкы карызды төлөө менен бирге эле, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жатабыз. Армиябызды күчтөөнүн үстүндөбүз. Акыркы эки жылда эле 2 миллиард долларга жакын каражатка жаңы үлгүдөгү заманбап техникаларды сатып алдык. Жолдор салынууда. Мектептерди, бала бакчаларды, темир жол, ири ГЭСтерди, аэропортторду куруп жатабыз. Ички аба каттамдар үчүн төрт учак сатып алуудабыз. Миң автобус сатып алдык"-деди Жапаров.

Садыр Жапаров өлкөдө коррупциянын 90% жоюлганы тууралуу кайсы көрсөткүчтөргө негиздеп жазганын тактаган жок.

Май айында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи айлампасы башталганын билдирген. Анда жемкорлукка каршы күрөштүн биринчи этабы оңой болбогонун, кийинкиси андан дагы оор болорун, болгон мүлкүн алуу өңдүү күчөтүлгөн жаза колдонуларын, бул этап 1-1,5 жылда аяктаарын айткан.

Жыл башында, Transparency International эл аралык уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, жемкорлук индексинде Кыргызстан мурдагы жылдагыдай эле былтыр дагы жалпы 100 баллдан 27 упай гана алган да, 185 өлкөнүн ичинен 140-сапка жайгашкан. Анда аталган уюм расмий Бишкек автократияга ыктап, бийликтегилердин кызмат абалынан кыянат пайдалануусуна жол ачылганын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG