Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Ниязбеков сот кайтарган иштерге байланыштуу чара көрүлөрүн эскертти


ИИМ.
ИИМ.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков сотко өткөн иштер кайра тергөөгө жөнөтүлсө ошол аймактын милиция башчыларына чара көрүлөрүн эскертти.

Ал 3-ноябрда тогуз айда аткарылган иштин жыйынтыгын чыгарып жатып, ар бир кылмыш иши сапаттуу тергелиши керектигин билдирди жана буга байланыштуу бир катар талаптарды койду.

Ага ылайык, сотко өткөн кылмыш иштерине мындан ары ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жооптуу болот жана материал кайра тергөө жөнөтүлсө ал жетекчилер жазаланат. Мыйзамсыз иш козгогон кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилет. Ошондой эле тергөөнүн сапатын аныктаган программа даярдалат.

"Улан Ниязбеков кылмыш иштерин сотко жөнөтөрдүн алдында “Таза тергөө” программасы аркылуу сапатын текшерүү процедурасын уюштуруну тапшырды. Мыйзамсыз козголгон кылмыш иштерин тизмектеп, кылмыш жообуна негизсиз тартылган адамдарды аныктап, кызматкерлердин жана алардын түздөн-түз жетекчилеринин кыймыл-аракеттерине юридикалык баар берүү керектигин айтты. Мындан ары, сотко жөнөтүлгөн бир дагы кылмыш иши артка кайтарылбашы керектигин эскертти”,-деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

Аталган министрлик соңку жылдары, акыркы тогуз айда канча иш соттон кайра тергөөгө кайтарылганы тууралуу маалымат берген жок. Буга чейин тергөөнүн сапатына байланыштуу бир катар сын-доомат айтылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG