Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

ЮСАИД Кыргызстандан Европага кашемир экспорттоого көмөктөштү


"Кыргыз Кашемир" заводунун жабдуулары жүн иштетип жаткан учуру. 18-январь, 2022-жыл.
"Кыргыз Кашемир" заводунун жабдуулары жүн иштетип жаткан учуру. 18-январь, 2022-жыл.

Кыргызстандагы "Кыргыз кашемир" ишканасы Европага төрт тонна кашемир жөнөттү. Бул АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) ишкерликти жана бишкек-чөйрөнү колдоо долбоорунун негизинде ишке ашты.

"Бул ишкана эл аралык рынокко чыгууга жана Кыргызстанда дагы жогорку сапаттагы кашемир өндүрүүчү катары таанылууга аракет кылып жатат. Ушул жылы жайында компания Британияга биринчи жолу товарын ийгиликтүү экспорттогон жана бул жаңы экспорт бизнестин ийгиликтүү экенин бекемдеген. "Кыргыз кашемир" эчкинин тыбытын, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүгө адистешкен. Алардын уникалдуу өндүрүш процессинен улам Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия жумуриятындагы негизги оюнчулардан болуп калышты",-деп жазылган ЮСАИД тараткан маалыматта.

Ушул жылдын башында америкалык ишкер Сай Белохлавек өнөктөштөрү менен бирге "Бишкек эркин экономикалык аймагынын" аянтында эчкинин тыбытын, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү "Кыргыз Кашемир" деп аталган цех ачкан.
Чакан заводдун ачылышына Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жана башкалар катышкан.

Ишкер ЮСАИД аркылуу АКШ өкмөтүнөн жаңы жабдууларды алган. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүүнү көздөп жатканы айтылган.

Белохлавектердин үй-бүлөсү Кыргызстанда тыбыт менен иштеп жатканына көп жыл болду. Алар беш-он жыл мурда эчкинин жүнүн жалаң Чоң-Алай, Алай райондорунан гана чогултуп турчу жана негизинен Ошто иш алып барчу.

Ишкана кеңейген соң чет элдик бизнесмен ишканасына Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын бардык аймагынан жүн чогултат.

"Кыргыз Кашемир" заводу тыбытты булага, жипке айлантып, же даяр буюмдарды тигип, чет жакка экспорттоп турат. Алардын товары негизинен АКШга жана Европа өлкөлөрүнө кетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG