Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Соңку тогуз айда жол кырсыктарында 500дөй адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда январь-сентябрь айларында 4,8 миң жол кырсыгы катталып, анда 489 адамдын мерт болду. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 3-ноябрда аткарылган иштердин тогуз айдагы жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда жетекчи жол кырсыктарын азайтууга байланыштуу иштер жетиштүү жүрбөй жаткан сынга алды. Ал ошондой эле электр чыгырыгын (электросамокат) тепкендердин айынан кырсык көбөйүп жатканын эскертти.

"Жол кырсыктары кескин түрдө азайбай жатат. Анткени, жол кырсыктарын төмөндөтүү боюнча алдын ала пландаштырып, иш алып барылган эмес. Жергиликтүү жолдорго гана көңүл буруп, бирок сырткы маанилүү жолдорду көз жаздымда калтырып койдуңуздар. Эл аралык жана мамлекеттик маанилүү жолдордогу профилактика иштерин күчөтүү зарыл. Дагы бир маанилүү учурга токтоло кетсем. Электросамокаттардын катышуусундагы жол кырсыктары улам барган сайын өсүп жатат. Бирок, ага көңүл бурган жоксуздар. Былтыр бир дагы электросамокаттын катышуусунда жол кырсыгы катталган эмес. Быйыл 9 айда 58 кырсык катталып, анын кесепетинен 58 адам жаракат алган. Айрыкча, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун аймагында орун алып жаткандыгын белгилейм. Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, былтыр 765 айдоочу окуя болгон жерден качып кетсе, быйыл 786 айдоочу качып, бул көрсөткүч 21 учурга көбөйгөн",-деген Ниязбеков.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза тапкан.

Ушул жылдын март айынан тартып өлкөдөгү жол кырсыктарын азайтуу максатында эреже бузгандарга айыппул көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын көп катталышына себеп катары соңку 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр сатылып, белек катары берилип келгенин жана айыппулдун жеңилдигин атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG