Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Аймактык реформа: айылдарды ирилештирүү долбоорлору даярдалды

Өкмөт тараткан сүрөт.
Өкмөт тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында административдик-аймактык реформа маселелери талкууланды. Анда президенттин облустардагы өкүлдөрү айыл-кыштактарды ирилештирүү долбоорлору менен тааныштырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, бул реформага байланыштуу тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жумушчу комиссиялар түзүлгөн.

"Айыл аймактарын ирилештирүү долбоорлорун жергиликтүү тургундар талкуулады жана айылдык кеңештердин депутаттарынын кароосунан өттү. Долбоорлор тааныштырылгандан кийин өкмөт башчысы жактырып, сын-пикир, алымчалап-кошумчалоо жагы айтылды. Жакынкы убакта административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде 2024-жылы 1-апрелге чейин ишке ашыруу тууралуу президенттин жарлыгын чыгаруу каралып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңешти бир катар депутаттар аймактык реформа маселесин көтөрүп, айыл-кыштактарды ирилештирүүдө элдин, парламенттин пикири эске алынышы керектигин билдирген. Айрым аймактарда буга байланыштуу нааразылык дагы айтыла баштаган.

Аймактык реформа буга чейин Нарын менен Ысык-Көлдүн Түп районунда башталган. Анын негизинде Нарында 63 айыл өкмөтү ирилешип, 27ге чейин кыскарган. Түптө 13 айыл өкмөтү бешке чейин азайган.

2022-жылы ноябрда Элдик курултайда президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформа Түптөн башталарын билдирген.

Садыр Жапаров “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына” былтыр октябрда кол койгон жана Министрлер кабинетинин бул багыттагы жыл башында жүргүзө турган иш планын бекиткен. Анда аймактык реформа жүргүзүү маселеси да каралган.

​
XS
SM
MD
LG