Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Непалда жер титирөөдө мерт болгон адамдардын саны 150дөн ашты


Бийликтегилер курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн билдирип жатат.
Бийликтегилер курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн билдирип жатат.

Непалда ишембиге караган түндөгү катуу жер титирөөдө набыт болгондордун саны 150дөн ашты. Дагы жүздөн көп адам жараат алды.

Бийликтегилер курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн билдирип жатат.

Буга чейин баарынан шарты катаал Жажаркот жана Рукум райондору көп жабыркаганы белгилүү болгон. Куткаруу иштерине армия менен коопсуздук кызматы тартылган.

Жердин катуу силкинүүсү Напалдын борборунан сырткары коңшу Индияда, Дели шаарында дагы сезилген.

Ишембиге караган түндө жер биринчи силкингенден кийин бир саатка жетпей дагы үч жолу чайпалган. Көптөгөн тургундар эшикте түнөгөнгө мажбур болгон.

Кырсык болгон аймакка каттаган айрым жолдорду зилзаланын айынан жер көчкү басып калгандыктан, куткаруу иштери кыйындады.

Непалдын Мониторинг жана иликтөө борбору жер титирөө жергиликтүү убакыт менен 23.47 болгонун билдирген. АКШнын Геологиялык кызматы зилзалалын күчү очогунда 5,6 балл болгонун кабарлаган.

Непал сейсмологиялык жактан кооптуу аймактардын катарына кирет.

Бул өлкөдө 2015-жылы эки жолу катуу жер титиреген. Анда 9 миңден көп киши набыт болуп, 22 миңден ашыгы жараат алган. Кырсыкта 800 миңден турак жай кыйраган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG