Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Керч кысыгы: Украинанын соккусунан Орусиянын кемеси жабыркады


"Залив" заводу, архивдик сүрөт.
"Залив" заводу, архивдик сүрөт.

Ишемби күнү, 4-ноябрда кечинде Украинанын армиясы Керч кысыгындагы кеме курган “Залив” заводун ракеталар менен аткылады. Орусиянын Коргоо министрлиги анда бир кеме жабыркаганын ырастады.

Крымдын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксеновдун билдиришинче, Керч районунда бир нече ракета атып түшүрүлдү, айрым сыныктар ошол заводдун аймагына кулады, бирок жабыркагандар болбогон жок.

Муну менен катар социалдык тармактарда заводду көздөй учурулган ракеталар жана тутанган өрт тартылган видеолор тарады.

Орусиянын Коргоо министрлиги заводду көздөй 15 ракета учурулганын, анын 13ү атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Айрым украиналык булактарга караганда, ракеталардын саны мындан алда канча аз болгон.

Украинанын Абадан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук “Залив” заводуна тактикалык авиация аркылуу чабуул жасалганын айтты. Анын ырасташынча, ошол маалда “Калибр” үлгүсүндөгү ракеталарды алып жүргөн Орусиянын Кара деңиз флотунун заманбап кемеси болгон.

Орусия кандай кеме жабыркаганы тууралуу маалымат бере элек.

“Залив” Чыгыш Европадагы эң ири кеме куруучу завод болуп саналат. Бул жайда 2020-жылдан тартып Орусиянын Аскер-деңиз флоту үчүн кеме куруу иштери жүргүзүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG