Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

Гутерриш Газа тилкеси "балдар көрүстөнүнө айланганын" билдирди


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кезектеги жолу Газа тилкесинде ок атышууну дароо токтотууга чакырып, аймак "балдар көрүстөнүнө айланып баратканын" билдирди.

"Күнүгө жүздөгөн балдар-кыздар набыт болуп же жараат алганы тууралуу кабарланууда. Төрт апта ичинде соңку отуз жылдагы башка жаңжалдарга салыштырмалуу көп журналист мүрт кетти", - деди баш катчы.

Ал Газа тилкесине генераторлор үчүн күйүүчү май киргизүү зарыл экенин кошумчалады. Азырынча Израил бийлиги күйүүчү майды аталган аймакка киргизүүгө уруксат бере элек. Израил аны ХАМАС куралдуу тобу колдонуп кетиши мүмкүн деп кооптонот.

Ал эми Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Гуттериштин балдар көрүстөнү тууралуу сөзүн четке какты.

“Отуздан ашуун жашы жете элек бала, анын ичинде тогуз айлык наристе Газа тилкесинде согушкерлердин барымтасында отурат. Алардын ата-энелерин көз алдында өлтүрүп кетишкен. Газанын көйгөйү-бул террордук топту жок кылуу аракетин көргөн Израил эмес, ХАМАС”, - деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.

ХАМАС куралдуу тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылып, 240тан көп адам барымтага алынган. Ошондон бери ЦАХАЛ Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку уруп, аскерлери жерде согушкерлер менен кармашып жатат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бир айдан бери он миңдей адам набыт болду. Алардын төрт миңден көбү балдар.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG