Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:35

Дагестанда ички иштер министринин орун басары кармалды


Руфат Исмаилов.
Руфат Исмаилов.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Дагестан жумуриятынын ички иштер министринин орун басары, тергөө башкармалыгынын жетекчиси Руфат Исмаиловду кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

РИА Новости агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, Исмаилов пара алууга шек саналууда. Бул тууралуу Mash Телеграм-каналы дагы кабарлады. Учурда аткаминердин үйүндө жана иш кеңсесинде тинтүү иштери жүрүүдө.

"Дагестандын жаштары" басылмасы тартип коргоо органдарындагы булактарына таянып, тинтүүлөр бир катар жогорку даражалуу полиция кызматкерлеринин үйлөрүндө дагы жүргүзүлгөнүн жазды.

Дагестан аэропортунда жакында эле болгон жөөттөргө каршы башаламандыкта 200дөн көп киши кармалган.

Руфат Исмаилов Дагестандын ички иштер министринин орун басарлыгына 2019-жылы дайындалган. Буга чейин ал Дербент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG