Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын тоюндагы видеосу тууралуу түшүндүрмө берилди


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын юбилейлик мааракесине катышканы тууралуу видео боюнча комментарий берди.

Орунбеков ал видео эски экенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз”, - деди Дайырбек Орунбеков.

Мунун алдында социалдык тармактарга тараган видеодо Акылбек Жапаровдун Алиеванын юбилейлик мааракесинде сөз сүйлөп, Майя Алиевага каалоо-тилек айтып жатканы тартылган.

УКМК 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн билдирген.

Атайын кызмат буга улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG