Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Израил: шаршембиде Газанын түштүгүнө 50 миң киши чыгып кетти


Бомбалоодон качып бараткан палестиналык балдар. Газа тилкеси. 6-ноябрь 2023-жыл
Бомбалоодон качып бараткан палестиналык балдар. Газа тилкеси. 6-ноябрь 2023-жыл

Шаршембиде Газа тилкесинин түндүк бөлүгүнөн гуманитардык коридор менен түштүк тарапка 50 миң киши чыгып кетти. Блу тууралуу Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари 8-ноябрдын кечинде билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар ал жакта абал коопсузураак деп эсептейт. Хагари ХАМАС Газанын түндүгүн көзөмөлдөбөй калганын кошумчалады. Бирок уюм муну четке кагууда.

БУУ Газадан шаршембиде канча киши чыгып кеткени тууралуу маалымат тарата элек. Бир күн мурда уюмдун өкүлдөрү Газа шаарын 15 миң жашоочу таштап кеткенин билдиришкен.

Жөөт армиясы – ЦAХАЛ сектордун түндүк бөлүгүн жана ал жакта орун алган Газа шаарын курчоого алгандан кийин карапайым тургундар үчүн гуманитардык коридор түзгөнүн билдирген.

ХАМАС радикал тобу БУУну элдин түштүккө эвакуацияланышына көмөктөшүүдө деп айыптады.

Улуттар Уюму өткөн ишембиде согуш башталгандан бери бир жарым миллион киши Газанын түштүк тарабына жер которгонун билдирген.

Египет менен чек арадагы Рафах пунктунан башка өлкөлөрдүн жарандарын гана өткөрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG