Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Министрлик таштандыдан табылган ымыркай тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын абалы тууралуу маалымат берди.

Мекеменин билдиришинче, 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги №1 төрөт үйүнө жаңы төрөлгөн ымыркай жеткирилген. 2 кг 210 грамм салмактагы эркек бала шаардагы таштанды челектердин биринен табылган. Дарыгерлер ымыркай өз убагында төрөлгөнү менен салмагы аз экенин, температурасы 28,4 градуска чейин түшүп, катуу гипотермиядан улам абалы оор экени белгиленген.

"Жандандыруу бөлүмүндө балага дароо бардык керектүү медициналык жардам (кароо, жылытуу, инфузиондук терапия) көрсөтүлдү. Дарыгерлер баланын абалын туруктуу деп баалашууда, кычкылтексиз, инкубатордо, сүт берилип, дарыланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ымыркайдын ооруканага түшкөнү боюнча Октябрь райондук милициясына маалымат берилди.

Балалуу болгонун жашыруу максатында төрөгөн ымыркайын таштандыга же дааратканага таштап кетишкен учурлар буга чейин да катталган. Эки жыл мурда Жалал-Абадда дааратканага ташталган ымыркай куткарылган. Бишкекте ошентип ташталган кызды башкалар багып алгандан кийин өз энеси келип талашкан учур да болгону кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG