Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:45

УКМК Сириядагы аскердик операцияларга катышкан кыргызстандык кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет мамлекеттин аймагындагы согуш жана террордук аракеттерге катышуу фактысы боюнча Т.Х. аттуу Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматта, 8-ноябрь күнү кармалган шектүү 28 жашта, Жалал-Абад облусунун тургуну.

“Аны 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Жихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү жалдап, Сирияга жеткиришкен. Ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды”, – деп жазылат маалыматта.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Атайын кызмат ал кандай жагдайда кармалганын тактаган эмес.

Быйыл октябрь жана август айларында эл аралык бир катар уюмдардын жардамы менен "Айкөл" гуманитардык миссиясынын алкагында 50дөй аял, 120дан ашуун жашы жете элек балдар Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден Кыргызстанга алып келинген. Ага чейин жыл башында ушул эле миссия менен 18 аял жана 41 бала келген.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматында, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG