Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы мигрантофобия боюнча тынчсыздануусун билдирди


Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Альбир Крганов.
Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Альбир Крганов.

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдө күч алган мигрантофобия маселеси боюнча тынчсызданууда. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Альбир Крганов «Улуттук негизде жаралган провокацияларга каршы туруудагы жарандык коомдун» ролу деген аталыштагы жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө соңку кездери атайылап мигранттарга каршы маанайды жаратып, улуттук кастыкты козутуу күч алды.

"Биз мигранттарга каршы маанай бул өлкөнүн жарандары болгон мусулмандарга өтүп кетет деп тынчсыздануудабыз. Анда бул толкунду ким токтотот?" - деди муфтий Крганов.

"Коммерсант" басылмасы жазгандай, муфтий мындай маселеге өтө этият кароо зарыл экенин белгиледи. Соңку бир нече айдан бери Орусияда Мамдуманын депутаттары мигранттарга каршы бир нече мыйзам долбоорлорун сунушташты.

“Справедливая Россия — За правду” партиясы мектептердеги мигранттардын балдарынын санын чектөөнү демилгелесе, КПРФ партиясы аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан чыгарууну сунуштады.

Ал эми Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга айрым кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун даярдаганын жакында эле ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG