Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:02

Казакстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим күчүнө кирди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин.

Казакстан менен Кытайдан ортосунда визасыз режим 10-ноябрда күчүнө кирди. Бул күндөн тартып казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алышат.

Казакстандын Ички иштер министрлиги мурдараак билдиргендей, визасыз жүргөндөр иштегенге, окуганга жана башка ишмердик жүргүзүүгө укуктуу болбойт.

Казакстандын авиациялык бийлиги Алматы - Бээжин, Астана - Бээжин, Алматы - Үрүмчү жана Астана - Үрүмчү багыттарында каттамдардын саны көбөйгөнүн билдирди.

Өткөн жылдын жайында Казакстан кытай жарандарына 14 күн өлкө аймагында визасыз жүрүүгө уруксат берген. Бул кадам кытайлык туристтердин санын көбөйтүү максаты менен түшүндүрүлгөн.

Быйыл майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Бир катар казакстандык активисттер өлкөлөр ортосундагы визасыз режимдин киргизилишине каршы чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG