Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Алматыда Болат Назарбаев каза болгону кабарланды


Болат Назарбаев
Болат Назарбаев

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаев 70 жашында дүйнөдөн кайтканын 13-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ratel.kz агенттиги өз булактарына таянып, Болат Назарбаев 13-ноябрда, саат 9:28де каза болгонун жазды. Маалыматка ылайык, анын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган реанимациялык аракеттер жардам берген эмес.

Болат Назарбаев ноябрдын башында саламаттыгы начарлап, Алматыдагы борбордук клиникага жаткырылганы маалым болгон. Басылмалар ал бейтапканага "миокард инфарктына" байланыштуу жеткирилгенин жазышкан. Кийинчерээк абалы оорлоп баратканы кабарланган.

Болат Назарбаев — Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси.

Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана алардын байлыгы тууралуу 2022-жылкы Январь окуяларынан кийин көп айтыла баштаган. Кандуу окуядан соң Назарбаевдин жакындары өлкөдөгү таасирин жоготкону да айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG