Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолунда кум-шагыл чачып жаткан жумушчулар. "Кыргызавтожол" тараткан сүрөт.
Бишкек-Ош жолунда кум-шагыл чачып жаткан жумушчулар. "Кыргызавтожол" тараткан сүрөт.

Бишкек-Ош жолундагы “Арал” постунда 12-ноябрда саат 20:00дөн тарта оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек - Ош автоунаа жолунда аба ырайы кескин өзгөрүп, Ала-Бел ашуусунда кар жаап, бороон күчөгөн. Министрликке караштуу №23 ишкана (ДЭП) ашууну кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Мнистрлик ашуулар кар экенин белгилеп, алыс жолго чыга турган айдоочулардан дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертүүдө.

9-ноябрда аба ырайынын кескин начарлашынан улам Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилип, кайра алынган.

Бишкек-Ош жолунун узундугу 700 чакырым. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG