Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Таштандыдан табылган ымыркай: Эне кармалды. Ата кайда?


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек мэриясы ымыркайынан баш тарткысы келген энелерди атайын уюштурулган жайларга кайрылууга кеңеш берди. Беш күн мурун шаардагы таштанды челектеринин биринен жаңы төрөлгөн наристе табылган. Балдар үчүн ар бир төрөт үйүндө, ооруканаларда бэби-бокс ачуу зарыл экени жыл сайын көтөрүлгөн маселе. Мындай учурда анонимдүүлүк сакталып, эненин да, баланын да коопсуздугу каралары белгиленип келет. Азыр таштанды балдар үчүн өлкөдө үч мекеме иш алып барат.

11-ноябрда Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын 21 жаштагы энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренесине (“Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү”) шек саналып жатат.

8-ноябрда 23:30 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Садыр деген ысым ыйгарылган баланын абалы орто экенин дарыгерлер билдиришти.

Окуядан кийин Бишкек мэриясы баланы жаңы төрөп, ар кандай турмуштук кырдаалга кабылган аялдарды атайын уюштурулган жайларга кайрылууга кеңеш берди.

“Жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, ымыркайдан баш тартууга ниеттенген учурда төрөт үйүндө атайын кагазга кол коюп же каалаган убакта Бишкек шаарынын Белорусская көчөсүндөгү №121 дарегинде жайгашкан балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна тапшырса болот”, - деп айтылат эскертүүдө.

Кыргызстанда ташталган балдар боюнча расмий статистика жок. Бирок өлкөдө мындай учурлар буга чейин дагы болгон.

2022-жылдын май айында "Дордой -2" жаңы конушунда жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылган. Анда милиция окуяны каттап, балдардын тек-жайын аныктоо иштерин жүргүзгөн. Ошол эле жылдын май айында Талас облусунда 39 жаштагы аял токойдо төрөп, ымыркайын тирүүлөй топуракка көмүп кеткени аныкталган. Ал аял башка дагы төрт баласы бардыгын, кийинкисин багууга шарты жоктугунан улам ушундай кадамга барганын айткан.

2022-жылдын 4-мартында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринин алдына жаңы туулган ымыркай калтырылган. Бала оролгон жууркандын ичиндеги катта "Баланы карай албайм, 2022-жылдын 1-мартында туулган" деп жазылган. Милиция ымыркайды эне жана баланы коргоо Улуттук борборуна өткөрүп берген эле.

2021-жылдын март айында Салиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда ак кездемеге оролгон ымыркайды калтырып кетишкен. Наристе кызды медиктер алгачкы кароодон өткөрүп, кийин ал ымыркайлар үйүнө өткөрүлгөн.

Айрым учурларда жаңы төрөлгөн ымыркайлар таштанды челектерде, ажатканаларда, чоочун адамдардын үйүнүн алдында, балдар үйүнүн алдында да табылган. Токойдо ташталган ымыркайлардын сөөгүн жолбун иттер таап чыккан окуялар да болгон.

Бэби-бокс маселени чечеби?

2016-жылдан тартып таштанды балдар үчүн бэби-бокс (атайын куту) ачуу керек деген демилге көтөрүлүп, ишке ашкан эмес.

Мындай сунуш менен чыккандардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева болгон. Ал өлкөдө бэби-боксторду ачып, анда балдарды купуя түрдө калтырып кетүү шартын түзүү зарыл экенин көтөргөн. Демилгечи муну айрым аялдар Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында иштеп жаткан атайын жайларга кайрылгысы келбей турганы менен түшүндүргөн. Анткени ага кайрылгандар документ толтуруп, баладан расмий баш тартышы керек, ал тууралуу бардык маалымат архивдик материалдарда калат.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Винера Раимбачаева бэби-бокс керектигин акыркы окуя көрсөттү деген пикирде:

"Абдан актуалдуу маселе болууда. Наристени көрүнгөн жерге таштагандын ордуна төрөт үйүндө эле уюштурулган бэби-боксторго салып кетсе, кыйла жакшы болот эле. Бир күн мурда өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Бейшеналиева менен сүйлөшүп, бул маселени талкуулагам, анда ал бэби-боксторду ачууга каражаттын тартыштыгы тоскоол болуп жатканын белгиледи. Бирок акчанын тартыштыгына карабай маселени чечүүгө убакыт келди. Антпесе таштандыда калтырылган, ажатканага ыргытылган ымыркайлардын маселеси курч".

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова мындай окуяларды коомдогу стереотиптер менен байланыштырат. Анын пикиринде, элдин көз карашынан, сындан корккон кыз-келиндер маселени өз алдынча чечүүгө аракеттенет. Баласынан баш тарткандар жана бала асырап алууну каалагандар документ иштерине байланышкан түйшүктү тарткысы келбегендиктен, кейиштүү окуялар орун алууда.

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Энелик инстинкт азайып, коркуу сезими күч алып кетет. Ай-күнүнө жеткен болочоктогу мындай энелер коомдун айыптоосунан коркот. Төрөт үйүндө көз жарып, наристесинен баш тарткан учурда, дарыгерлер дароо милиция чакырат, бул мыйзамда каралган процедура. Тагырагы, ким ден соолугу чың төрөлгөн ымыркайдан баш тартып, аны ымыркайлар үйүнө өткөрүп берем деп аткан болсо, бул тууралуу бүт тиешелүү мекемелер кабардар болушу керек. Мына ушуну көп жаңы көз жарган энелер каалабайт. Экинчи тарабы - бала асырап алууну каалаган ата-энелер. Алар да мамлекетти кийлигиштирбей, өзүлөрү оозеки сүйлөшүп, баланы энесинен алып кетип калгысы келет. Жарым жыл мурда ушундай окуя болгон, ымыркайдын туулгандыгы тууралуу документин туугандарына жазып берүүдөн баш тарткан акушер-гинекологду алар ур-токмокко алып, мыйзамды бузууга мажбурлашкан. Бирок медик мыйзамды коргоп отуруп, жыйынтыгында окуя ачыкка чыгып калды. Биздин жарандар баланы алгысы келет, бирок бир топ документтерди толтуруп, убактысын короткусу келбейт, мындайлар толтура. Ал эми мыйзамга ылайык асырап алам десе комиссия иштейт, көпкө чейин чечим кабыл алат, баланы ала турган үй-бүлөнүн жагдайын текшерет".

Ошол эле учурда Барыктабасова мамлекет эне баланы бири-биринен ажыратпай, жардам берген система түзсө маселе чечилерин белгилейт.

"Бэби-бокс жакшы чечим эмес. Мисалы ымыркайлар үйүнүн аталышын биздин өлкөдө "үй-бүлөнү колдоо борбору" деп өзгөртүштү. Анда эне жана бала үчүн шарттар түзүлгөн. Бала энесинен ажыратылбай, ошо жерде жашап, эне сүтүн ээмп чоңоет. Наристеси торолуп калганда эненин иштеп кетүүсүнө шарт түзүлгөн. Психологдордун жардамы, социалдык кызматкерлердин көмөгү да ошол жерде каралган. Алар эне-баланын ортосун ажыратпай, бирге болуусу үчүн болгон күчүн жумшайт. Ал эми бэби-боксторго баланы алып барып салып койгондон маселе чечилбейт. Мамлекет тескерисинче башка шарттарды түзүп, жардам колун сунса абал өзгөрөт. Өкмөт жазалоо эмес, көмөк көрсөтүүгө өтүшү керек. Ошондо баласын көрүнгөн жерге таштагандар азаят. Азыр канынан жаралган чүрпөсүн таштандыга салган эненин окуясы боюнча милиция "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен иш козгоп, энени сот бир нече жылга камакка отургузат. Мунун баары ар тараптан коркунучтуу. Андан сырткары социалдык тармактарда пикир жазып, бул эненин кылыгын айыптагандар канча. Жок, мамлекет жардам берсин, жөлөк пул, турак жай, жашай турган жерин караштырып берсе жакшы. Эң негизгиси - коомдун сынын азайтышыбыз керек, ал келин кандай жагдайда калганын биз ийне-жибине чейин билбейбиз да".

Атанын жоопкерчилиги

Адатта наристесин таштаган энелерди милиция таап, жазага тартылган учурлар бар. Бирок коомдо балдардын атасы тууралуу дээрлик кеп козголбойт. Бул ирет да ошондой болду. 8-ноябрда таштандыдан табылган ымыркайдын атасы ким экени белгисиз бойдон калды.

Укук коргоочу, "Балдардын укугун коргоо" лигасын жетектеген Назгүл Турдубекова ташталган баланын атасы да жоопкерчиликке тартылып, өз жазасын алышы керек деген пикирде.

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

"Азыр коом энени гана күнөөлөп, жаман сөздөрдү айтып, жазып, окуяны талкуулап атат. Бирок алардын бири да ошо баланы жасаган ата тууралуу айткан жок. Кана атасы? Ал ким? Балким ал байкуш кызды күчкө салып зордуктап койгон? Балким ал кызды алдаган? Эмне үчүн биз бул тууралуу унчукпайбыз? Эмнеге милиция бир гана энесин таап, аны жазага тартышы керек? Тилекке каршы биздин өлкөдө үй-бүлө институтуна колдоо болбой жатат. Үй-бүлө курууга жол көрсөткөн, репродукциялык укук, коргонуу тууралуу маалымат берилбейт. Эрте жашта эне болуу кызга да, балага да кооптуу экени, кандай оорулар пайда болушу мүмкүн экени айтылбайт. Окуу жайларынан сырткары, жаштар иштеген жерлерде иш алып баруу керек. Энелердин аң сезими жетишпегендиктен баласын таштоого барууда. Кыз бала кош бойлуу болгондон кийин өкмөт аны купуя негизде жардам берүүгө даяр болуп турса жакшы болмок. Мисалы ишеним телефондору, тез арада эне баш тарткан баланы асыроого берүү, документтердин санын азайтуу керек. Энелерди колдоо кызматтары канчалык көп болсо, ошончолук жеңил болот. Бэби-боксторду ачуу тескерисинче ташталган балдардын саны боюнча статистиканы көбөйтөт. "Менин боюмда болуп калса деле мейли, мен аны алып барып купуя таштап коем, мени жазага тартпайт" деп ойлоно баштайт кыздар. Ошондуктан бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек".

Балдарынан баш тарткан окуялардын расмий статистикасы 2017-жылы жарыяланган. Анда бир жыл ичинде 210 эне жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кетүү арызын жазып бергени айтылат. Бирок соңку беш жылда жагдай кандай экени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG