Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Эл үнү: Күйөөм алиментти бербей Орусияга качты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Эл үнүнө" Чүй районунун тургуну 30 жылдан бери бүтпөгөн мектептин маселесин көтөрсө, эки баласы менен көчөдө калган эненин, алиметтен качкан атаны издеген аялдын үнүнө орун беребиз.

Адилбек Мусаев, Чүй районунун Садовое айылынын тургуну:

Иса Үкүев атындагы №33 мектеп Кыргызстан эгемендик алган тээтиги 1990-жылдары курула баштаган. Бирок ушул убакка чейин аягына чыкпай келет. 1997-жылы экинчи кабаты колдонууга берилип, бирок үчүнчү кабаты бүтпөй балдар эки кабатында гана окушат. Мектеп салынып бүтө электе эле урап, кирпичтери ордунан чыга баштаптыр. Буга ким көз салып, курулушту аягына чыгарып берет?

Бакыт Кадыркулов Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы:

- Бул типтүү 504 орундуу мектеп 1997-жылы салынган. Азыр 400 окуучудан ашык бала билим алат. 2012-жылы жанына жалпы баасы 135 миллион сомдук жаңы мектептин курулушу башталган. Каралган каражаттын 32 миллион сому бөлүнүп, курулуштун 65 пайызы бүткөн. Быйылкы жылы министрлик ошол мектептин курулушун бүтүрүүнү Мамлекеттик курулуш агенттиги аркылуу сунуштаган. Бирок биринчи кезекте авариялык абалда турган 29 мектепти бүтүрүү керек деп тизме түзүлгөн. Ал тизмеге бул мектеп кирген эмес. Ошондуктан мектепти кошумча тизмеге киргизип, курулушу бүтөт деген үмүттөбүз.

Аялзатын ардактайлы

Нурмамат, Орусиянын Якутия-Саха Республикасында иштеген кыргыз жараны:

- Түбөлүк жарына дөңгөлөктү асып алып, суу чачып уруп аткан бир агабызды "Инстаграмдан" көрүп, зээним ушунчалык кейиди. Аялзатына кол көтөргөн эркекти мен чыныгы эркектигин жоготкон, намысы жок эркек деп билем. Ошон үчүн жигиттерге кайрылам:

Кыздардын баркына жетпегендер,

Кыйналып алыска кетпегендер,

“Сүйөмүн, күйөмүн” деп коюп,

Эртеси башкасын издегендер,

Адам бол, аялзатын кыйнабагын!

Жытын жыттап, башкага учуп кетпей,

Конгон жерден көтөрүлүп учпагын,

Кадырлап, баркына жете билсең,

Бейиштин төрүнөн жай аласың.

Ойлонгун, аял деген апаң болот,

Алтынга да алмаштырбас эжең болот,

“Агатай” деп артыңан жөлөк болгон,

Кымбаттуу карындашың ошол болот.

Уят, тууган, мындай ишти ата-бабаң кылбаган,

Уят, тууган, эгер билсең аял жашоо башатың,

Аялзатсыз сен, мен, баарыбыз эч ким,

Жигиттер, аялзатын эч качан кор кылбай,

Колуңарга көтөрүп, көккө учургула!

Жибек, Бишкектин тургуну:

- Мен эки кызым менен батирде турчумун. Карантин убагында аябай кыйналып калдым. Эки айдын акысын төлөй албаганым үчүн үч күн мурун батирден чыгарып койду. Азыр бирөөнүкүндө суранып убактылуу турам. Кыздарымдын атасы жардам бербейт, такыр дайыны жок болгонуна бир жарым жыл болду. Ата-энем да жок, мурда эле каза болуп калган. Былтыр өзүм да операция болуп, оор жумуш жасоого болбойт. Батирдин акчасын бере албагандан ушинтип көчөдө калам деп ойлогон эмесмин, жалгыз аябай кыйналып кеттим. Акчам жок, тамак-ашым да жок, кыздарымдын курсагын эптеп тойгузуп атам. Сиздерден суранам, жардам бергилечи. Телефон номерим: 704-13-67-87.

Алименттен качкан ата

Айнура Азимова Ош шаарынын тургуну:

- Мен Ош шаарынын тургунумун, эки бала үчүн алимент алмакмын. Бирок күйөөм соттун чечимин аткарбай, 150 миң сом карызы менен быйыл Орусияга чыгып кетти. Ошого байланыштуу сот аткаруучуларга, УКМКнын Ош башкармалыгына, Ош шаардык прокуратурасына кантип чыгып кетти деп арыз менен кайрылдым. Себеби, ал Орусиянын "кара тизмесинде" болчу, ошого карабастан Чек ара кызматы чыгарып жибериптир. Ушул суроо менен кайрылган арызыма бир да мекемеден жооп ала албай атам.

Таштанды жаратылыштын “жарасы”

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Көңдөй айылынын тургуну:

- Айылдаштарым Кара-Кулжа районундагы Алайкуунун Арпа-Тектир аймагына таштанды төгүшөт экен. Таштандынын түркүн түрү жатат, шише, желим. Экологияга бир аз аяр мамиле жасап, чуңкур казып таштасак жакшы болот эле го? Жаратылыш биздин жүзүбүз, бул жерге ташталган таштандыларды шамал учуруп, кайра өзүбүздү каптап жатат. Айылдаштар, келгиле, ушул маселени чечели!

Жердин күбөлүгү канча турат?

Өзгөн районунун атын атагысы келбеген тургуну:

- Күбөлүктү алуунун баасы канча? Мага мынча бересиз, анан мынчасын жетекчиге берем дегени туурабы? Шарты туура келбегендерге 4000 сомду төлөө деле чоң акча. Мен Өзгөн районунан байланышып жатам, бирок аты-жөнүмдү ачык атабай эле коеюн.

Түгөлбай Мырзаев Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кадастр бөлүмүнүн башчысы:

- Жердин күбөлүгүн жана мамлекеттик акт алуунун баасы 2881 сом. Бирок элдин суроо-талабы менен бир аз арзандаткыла деп атып, азыр 2 468 сом 48 тыйын төлөнөт. Андан башка каттоосу да бар. Эгер жаран катталбаган болсо ал үчүн да төлөөгө милдеттүү. Ар бир жердин түрүнө карата баасы ар кандай болот. Жер тилкеси үчүн 2885 сом 60 тыйын төлөнөт. Жер үлүшүнүн жайгашына жараша түрдүү программалар боюнча өлчөнүп, картага түшүрүлүп, бирдиктүү системага киргизилип жатат. Ал кызмат үчүн да өзүнчө акча төлөөгө милдеттүү. Кээде төрт миңден да көп акча төлөнүшү мүмкүн, себеби жер каттоого алынбаган болсо өкмөт токтомуна ылайык үстөк акы кошулат. Анын баары ачык жазылып турат, төлөнгөн акчанын баары түз Бишкекке которулат. Бир нерсе алып калалы деген аракет жок.

Блогер Сыдымандын колдоочусу:

- Мен Замирбек Исаков Баткенден болом. Блогер Сыдыман хайп кармап, өзүн таанытам деп, бир аз ката кетирип алды. Ал чыныгы блогер, аны колдоп коелу. Мен Сыдымандын камалышын каалабайм, ушул үнүмдү элге жеткирүүнү “Азаттыктын” суранам.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG