Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Эл үнү: Жалгыз бой эне Орусиядагы балдарын сагынды


“Эл үнү” программасына бул жолу укугунун бузулушу, социалдык жардамга муктаждык, суунун тартыштыгы менен мүлккө мыйзамсыз ээлик кылуу өңдүү көйгөйлөрдү айтып, кайрылгандар көп болду.

Машинасын алдатып, өзү “качкан” жигит

Бишкек шаарынын азыр чет өлкөдө жүргөн тургуну өз машинасын "акчасын кийин алам" деп ишеним кат менен берип коюп, алданганын билдирди. Анын айтымында, аларман машинаны бирөөгө сатып жиберип, сатты деген документти нотариус мыйзамсыз каттап берген. Нотариус жазага тартылбай, мыйзам бузууга каршы күрөшө албаган тартип коргоо органдарынын кудуретсиздигине жаны ачыган жаран өз башынан кечирген окуясын башкаларга сабак болсун жана мүлкүнөн ажыраган адамдардын абалына жогорку баскычтагы тартип коргоо мекемелери көңүл бурсун деген ниетин айтты.

Аты-жөнү белгисиз жаран:

«Акчасын кийин төлөөгө макулдашып машинаны ишеним кат менен бергем. Алган киши шылуун экен, аны бирөөгө сатып, нотариус каттап бериптир. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, автобазардагы нотариустан документтерди тергөөчүгө алып барып бергем. Оперативдүү кызматкерлер машинамды да, тиги кишини да бат эле таап келип, ал киши соттолуп кетти. Андан бери бир жарым жыл өтсө да нотариуска кылмыш иши ачылган жок. Тергөөчү машинаны өз ыктыяры менен сатып алчу аларманды тез эле таап, машинаны ага берди. Мага эч нерсе берген жок. Мындай мыйзам бузуу боюнча тергөө бөлүм башчысына, райондук ички иштер башчысына, райондук прокуратурага, шаардык жана Башкы прокуратурага кайрылдым. Бирок бир жерден да жооп болбоду.Ушинтип эле бири-бирин калкалай беришет экен. Аягында тергөөчү менен кер-мур айтыша кеттим. Ал мени ачык эле коркутуп, “Эртерээк кетип кал, болбосо бирдеме кылып каматып салам” деди. Ошентип мен Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болдум. Анткени, ата-энем, үй-бүлөм үчүн коркуп, мени каматып салса ким аларды карайт деп ойлодум. Ушу күнгө чейин нотариуска иш козголбой жатат, ошол жазаланса жакшы болот эле. Машинам да колума тийген жок».

А.Жаанбаева: Бала бакча түзөм деп, акчадан да кур калдым

Алай районунун тургуну Айнура Жаанбаева:

«2006-жылы "Ага-Хандын" фондусунун жардамы менен бала бакча түзүү долбоору каралган. Анын максаты боюнча айылдын бир тургуну өз үйүндө бала бакча түзүшү керек экен. Мен демилге көтөрүп үйүмдө бала бакча ачып, 2009-жылга чейин 50 балага күнүнө бир маал тамак берип, айлыгы жок иштегем. 2008-жылы бала бакча курулуп, 2010-жылга чейин үй-бүлөм менен бекер иштегенбиз. 2010-жылы конкурс болуп, мен биринчи орунду алып бала бакчанын башчылыгына дайындалгам. Алты жыл бекер иштедим. 2014-жылы эмгек өргүүсүндө жүргөн кезде азыр башчы болуп иштеп жаткан адам иш бөлмөсүн бузуп кирип иштеп калды. Мени иштен туура эмес алышкан. Айыл өкмөтүндөгүлөр "450 миң кредит ал, аны бала бакча ачылганда бюджеттин эсебинен кайтарып беребиз" дешкен. Кийин төлөбөй койду. Мен ошого нааразымын. Аябай чоң эмгек жасадым эле, аны баары билет. Андан тышкары мени иштен чыгарса да 17 жылдык тажрыйбам менен мугалим же тарбиячы кылып иштетишсе болмок».

Айнура Жаанбаеванын суроосуна Алай райондук билим берүү бөлүм башчысы Мамашарип Мусаевдин жообу:

«Менин бул кызматка келгениме бир жыл боло элек. Ошондой азыр бар экен. Комиссия түзүп, өткөндө барып текшердик. Акча төлөгөн же төлөбөгөнүн териштиргенибиз жок, анткени ага айыл өкмөтү жооп бериши керек. Ал эми кызматка алуу маселесин чечтик, жаңы окуу жылынан баштап иштей баштайт».

Мекенге келип, балам кароосуз калды

Эки баланын энеси Акматова Гүлкайыр Орусиядагы балдарына бара албай жатканына кабатыр:

«Коронавирус дарты күчөй электе Орусиядан Кыргызстанга келгем. Ишимди бүтүргөнчө чек ара жабылып калды. Балдарымды сиңдиме таштап келдим эле. Орусияда карантин жоюлуп, сиңдим ишке чыгып, жети жашар балам кароосуз калды. Орусиянын чечими боюнча окууга, дарыланууга барчуларга жол ачык экен. Менин баламдын окуусуна байланыштуу бара аламбы?».

Гүлкайырдын суроосуна Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Уланбек Дыйканбаев мындайча жооп узатты:

«Азыр авиакаттамдар токтотулган, чек аралар ачыла элек. Кыргызстандан Орусияга чартердик каттамдарды Орусиянын элчилиги уюштурушу мүмкүн, аны ошол элчиликтен билүү зарыл».

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 7-17-июнь аралыгында Бишкек жана Ош шаарларынан самолет учарын жана анын кызматынан муктаж адамдар пайдалана алышарын жана 14-июнда Бишкек-Москва, 17-июнда Бишкек-Казань каттамы боюнча учак болорун кабарлаган. Бардык суроолор боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен 0-312-61-26-15, 61-26-17 телефондору жана Оштогу консулдуктан 0-558-90-9005, 3222-88-221 телефондору аркылуу кайрылса болорун билдирген.

Жардамга муктаждар: коронавирус бизге карантүн салды

Азизбек Исмаилов Кочкор районунун тургуну, 1-топтогу майып. Байланыш телефону-0-706-47-49-84.

«Мен 1-топтогу майыпмын, 2400 сом жөлөк алам. Көбөйтүп беребиз деген убада эмне үчүн аткарылбайт? Кээ бир майыптар 4500 сом алышат экен. Эмне үчүн биздики көбөйбөйт? Көптөгөн майыптар 3000 сомдук жөлөкпул алышат, ал эч нерсеге жетпейт. Бир бутум кесилген. Арабам бузулуп калып, жаңы ала албай жатам.Баасы 40 миң экен. Ошого жардам бере аласыңарбы?».

Жалгыз бой эне:

«Эки балам бар, бир уулум майып. Азыркы шартка байланыштуу иштей албай калдым. Батир ээси эки айдын акысын доолап келиптир. Ага акча төлөмөк түгүл, тамак-ашка акча жок отурам. Болгону 5-6 картошка менен пияз калды. Балам алты жашта, бирок өзү тамак иче албайт, сүйлөй да албайт. Аны таштай турган киши жок, ишке чыга албай жатам. Жети жаштагы кызымды мектепке берүүгө кудуретим жетпейт. Баламды догдурга көрсөтө албай жатам, себеби жол кирем жок. Жок дегенде тамак-аш жагынан жардам бергилечи, телефонум- 706-18-15-66, Кудайберген аймагындагы Волкова көчөсүндөгү 114а үйдө турам».

Айылдыктар сууга зар

Панфилов районундагы Ровное айылынын аты-жөнү белгисиз тургуну:

«Панфилов районундагы Ровное айылында суу тартыш, жерибиз куурап калды. Биздин айыл Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашып, суу БЧКдан агып келгендиктен такыр эле токтоп калды. Бир жылдык түшүмдү күйгүзүп алсак, жашообуз кыйын болот го...».

Руслан Девяткулов, Чүй башкы суу башкармалыгынын башчысы

«Чүй облусу боюнча суу тартыш болуп жатат. Анткени, тоодогу булактар тартылып калды. Ошон үчүн Орто-Токой суу сактагычынан суу чоң өлчөмдө алынып, ар бир райондун дыйкандарынын сугат аянтына жараша, белгиленген ченем менен бөлүп жатабыз. Панфилов районуна кечээ берилген жок. Алар секундасына 4 куб метр суу сурап атышат, бирок бүгүнтөн баштап районго секундасына 2 куб метр суу берилет. Андан көбүрөөк берүүгө суу жетпей жатат».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG