Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Мадумаровдун жээни УКМКга суракка чакырылды


Элмурат Калыбеков
Элмурат Калыбеков

Абактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Актилек Орозбеков "Азаттыкка" кабарлады. Анын сөзүнө караганда, Элмурат Калыбеков 21-сентябрда кармалган Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча көрсөтмө берери маалым болгон. Калыбеков Коопсуздук кызматына 13-ноябрда саат 15:00гө чакырылган.

Элмурат Калыбеков "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү. Ал партиянын лидери Адахан Мадумаровду колдоо акцияларында бийликти сындап сүйлөп жүргөн.

13-сентябрда Мадумаровдун камалышына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун алдында тарапташтары митинг өткөргөн.

Митингден кийин ага активдүү катышкан бир нече адам суракка чакырылып, айрымдары камакка алынган.

Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча УКМКга суракка чакырылганын журналист Канышай Мамыркулова да Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал "Азаттыкка" ырастагандай, суракка бүгүн, 13-ноябрда, саат 14:00ге чакырылган.

Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып, өзүнүн камалышын "саясий куугунтук" деп атаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG