Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:51

АКШ Сириянын түштүк-чыгышындагы иранчыл топторго сокку урду


АКШнын коргоо министри Ллойд Остин
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин

Кошмо Штаттар Сириянын түштүк-чыгышындагы иранчыл топторго сокку урганын Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдирди. Маалыматка караганда, бутага Ирандын Революция сакчылары корпусунун жана аны менен байланыштагы куралдуу кошуундардын Иракка жакын жердеги жайлары алынды.

Рейтер агенттиги Остинге шилтеме менен бул – Сирия менен Ирактагы америкалык аскерлерге багытталган бир нече чабуулга жооп иретинде көрүлгөн чара болгонун маалымдады.

Соккунун кесепети тууралуу кабар чыга элек.

АКШнын коргоо министри сокку уруу буйругун президент Жо Байден өзү бергенин бышыктады.
Акыркы жумаларда Ирак жана Сириядагы иранчыл куралчан уюмдар америкалык жана коалициялык күчтөргө кеминде 40 жолу чабуул койгон. Бери дегенде 45 америкалык аскер жараат алган.

Жакынкы Чыгыштагы абал 7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, согуш тутангандан бери курчуп кетти.

Израил менен ХАМАСтын жаңжалы аймакка жайылып кетет деген кооптонуу күчөдү. Америкалык базалар бутага алынышы мүмкүн деген чочулоодон улам Вашингтон аймакка согуш кемелерин жана истребителдерин жөнөттү. Ошондой эле аскердик базаларын кайтарууну күчөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG