Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:10

Орус мамлекеттик агенттиктери Украинадагы аскерлер тууралуу маалыматты өчүрдү


Украиналык жоокерлер Днепр жарыясынан өтүүдө. 15-октябрь, 2023-жыл
Украиналык жоокерлер Днепр жарыясынан өтүүдө. 15-октябрь, 2023-жыл

Орусиянын мамлекеттик ТАСС жана РИА "Новости" кабар агенттиктери Коргоо министрлигине шилтеме менен Украиндагы аскерлер «Днепр дарыясынын чыгыш тарабына, артыкчылыктуу позицияларга жайгаштырылары» тууралуу маалыматты чыгарып, бир нече мүнөттөн кийин алып салышты.

«Свобода» радиосу адатта бул армия чегингенде колдонуларына көңүл буруп, мындай абал былтыр Харьков жана Херсондо байкалганын белгилейт.

Өчүрүлгөн маалыматта «Түзүлгөн кырдаалды баамдап, «Днепр» тобунун командачылыгы аскерлерди Днепрдин чыгышындагы артыкчылыктуу позицияларга которууну чечти. Кайра топтолгондон кийин айрым бөлүктөр башка багыттардагы кармаштарга тартылмакчы» деп жазылган.

Орус Коргоо министрлиги мекеменин басма сөз кызматы таратканы айтылган маалыматты «чагым» деп атады. Маалыматтын булагы көрсөтүлгөн жок. Бул тууралуу РБК жазды.

Акыркы жумаларда украиналык армия бир нече жерде Днепр дарыясынан Херсон облусуна өткөнү кабарланган. Талдоочулар алар плацдармын кеңейтүүгө жетишкенин айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG