Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Сириядагы лагерлерде өзбекстандык 200дөй бала менен аял отурат


Сириядан алынып келген өзбекстандыктар. Ташкент, 8-декабрь 2020-жыл
Сириядан алынып келген өзбекстандыктар. Ташкент, 8-декабрь 2020-жыл

ЮНИСЕФтин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы жетекчиси Мунир Мамедзаде Сириядагы лагерлерде өзбекстандык 200дөй бала менен аял мекенине кайтууну күтүп жатканын билдирди. Gazeta.uz сайтына берген интервьюда ал ЮНИСЕФ расмий Ташкент Сириядагы согушкерлердин аялдары менен балдарын "кырдаалдын курмандыгы" деп тааныганын кубаттарын айтты.

Өзбекстандагы ишин жыйынтыктап жаткан Мамедзаде буга чейин аларды кайтарып келүү боюнча беш өнөктүк жүргөнүн, калгандары да мекенине алынып келерине үмүттөнүп турганын кошумчалады.

2019-жылдан бери кошуна өлкөнүн бийлиги “Кайрымдуулук” операциясынын алкагында 531 аял менен баланы Сирия, Ирак жана Ооганстандан алып келди. Акыркы 5-баскычы 2021-жылы ишке ашырылган.

Буга чейин Сирия менен Иракта согушкерлердин катарына кеминде үч миң өзбекстандык кошулганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG