Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Бишкекте "Мекендештер -2023" форуму өтүп жатат


2016-жылы Ошто өткөн "Мекендештер" форуму.
2016-жылы Ошто өткөн "Мекендештер" форуму.

Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму быйыл алтынчы жолу өтүп, бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте башталды.

200дөн ашык киши катышкан форумга мекендештерден тышкары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышууда.

Форумдун максаты - сырттагы мекендештердин каражатын жана күчүн өлкө аймактарындагы социалдык, инфратүзүмдүк, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна тартуу, жергиликтүү бийлик менен мекендеш инвесторлордун кызматташтыгын түзүү болуп саналат.

Форумда жалпысынан өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү үчүн чет өлкөдөгү мекендештердин сунуш-демилгелери ортого салынып, талкууланмакчы. Сыртта жүргөн мекендештердин Кыргызстандын аймактарына кошкон салымы тууралуу да сөз болот.

Эки жылда бир жолу өтүүчү "Мекендештердин" акыркы 5-форуму 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу астында өткөн.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштурган “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат.

Иш-чара 2012-жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында, 2018-жылы Ысык-Көлдө, 2019-жылы Бишкекте өткөн.(TAb/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG