Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Кулубаев мигранттар кайтып келсе жумуш бар экенин билдирди


"Мекендештер -2023" форуму. Бишкек. 14-ноябрь, 2023-жыл
"Мекендештер -2023" форуму. Бишкек. 14-ноябрь, 2023-жыл

Учурда Кыргызстанда 60 миң иш орду бар, чет жактан кайтып келип жумуш караштырып жаткан мигранттар ишке орношо алат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Мекендештер -2023" форумунда билдирди.

Министр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын, долбоор боюнча 10 миңден 30 миңге чейин жумуш оруну түзүлөрүн, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна да жумушчулар керек экенин айтты.

Кулубаев ошол эле учурда кыргызстандык мигранттар Түштүк Корея, Жапония, Германия жана бир катар Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүлүп жатканын айтты.

"Миграция–дүйнөдө чоң процесс. Өнүккөн өлкөлөр да ушул процесстен өткөн. Бул табигый көрүнүш. Жарандар чет өлкөлөргө чыгып иштеп, тажрыйба алып, ошол жактан үйрөнгөндөрүн өлкөгө кайтып келип бул жакка жайылтса, пайдалуу болот. Бул табигый процесс", - деди министр.

Тышкы иштер министри чет жактарда жашап-иштеп жүргөн мекендештердин алдында кыргыз тилин сактап калуу маселеси турганын белгиледи. Ал бул жаатта диаспоралары көп аймактарда өз алдынча уюшуп, тил борборлорун ачып жатканын айтты. Кулубаев эле миграцияда жүргөн кыргызстандыктар арасында эне тилди жайылтуу жаатында өкмөт, Тышкы иштер министрлиги жана тил комиссиясы көмөк көрсөтүшү керектигин белгиледи.

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте чет жакта жашаган кыргызстандыктардын алтынчы "Мекендештер-2023" форуму өтүп жатат. Ага бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспора, уюмдарынын өкүлдөрү, ишкерлер катышууда.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду түптөгөн “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Иш-чара 2012-жылдан тарта ар эки жылда өткөрүлүп, акыркы ирет 2019-жылы болгон. (TAb/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG