Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

"Мекендештер - 2023": Мигранттар инвестиция салууга кепилдик сурашты


"Мекендештер -2023" форуму. Бишкек. 14-ноябрь, 2023-жыл.
"Мекендештер -2023" форуму. Бишкек. 14-ноябрь, 2023-жыл.

14-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Мекендештер-2023" форумунда Кыргызстанга инвестиция салууда кепилдик жана ишеним боюнча маселе бар экени айтылды.

Форумга Татарстандын Казань шаарынан келген "Жарандарга юридикалык жана социалдык жардам берүү борбору" уюмунун президенти Закир Сариев мамлекет мекендештердин капиталын өлкөгө тартуу үчүн алгач ишеним пайда кылышы керектигин айтты.

"Убагында бир кыргызстандык Казанга барып, тигүү фабрикасын ачкан. Жакында эле ошол фабриканы Өзбекстанга көчүрүп келди. "Эмнеге ал жакка алып бардың?", - деп сурасам, "Алар мага шарт түзүп беришти, сизге кандайдыр бир кысым же мыйзамсыз аракеттер болсо, президенттин түз линиясына кабар бериңиз дешти. Салыкты да эң төмөн айлык акы менен көрсөтүп төлөп жатам. Муну мамлекет билет, бирок 50 жумушчуга маяна берип, алардын үй-бүлөсүн багып жатканым үчүн унчукпайт" деп түшүндүрдү. Бизде да ушундай кепилдиктер болушу керек", - деди Сариев.

Орусиядан келген дагы бир ишкер Өктөм Мамаева мындан үч-төрт жыл мурда Кыргызстанга инвестор алып келгенин, кийин ал "тиешелүү органдардын 10% "откат" сураганы үчүн бул жакка инвестиция салуудан баш тартканын" айтты.

Президенттин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов учурда инвестиция тартуу жаатында бирдиктүү терезе ачылганын жана бул тармакта ачыктык орун алганын айтып, агенттик ар бир инвестор менен өзүнчө иш алып барууга даяр экенин белгиледи.

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте чет жакта жашаган кыргызстандыктардын алтынчы "Мекендештер-2023" форуму өтүүдө. Ага бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспора, уюмдарынын өкүлдөрү, ишкерлер катышууда.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду түптөгөн “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Иш-чара 2012-жылдан тарта ар эки жылда өткөрүлүп, акыркы ирээт 2019-жылы болгон. (TAb/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG