Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Кыргызстанга тогуз айда 122 миңден ашуун автоунаа алып келинди


Кыргызстанда корей жана кытай жеңил автоунааларынын импорту өстү. Алардын бир бөлүгү Орусияга чыгып кетүүдө ("Азаттыктын" коллажы).
Кыргызстанда корей жана кытай жеңил автоунааларынын импорту өстү. Алардын бир бөлүгү Орусияга чыгып кетүүдө ("Азаттыктын" коллажы).

2023-жылдын январь-сентябрында Кыргызстанга чет жактардан жалпы 167 млрд сомдук 122 миңден ашуун жеңил автоунаа алып келинди. Былтыркы тогуз айда болгону 25 миңден ашык жеңил машине алып келинген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, быйыл Түштүк Кореядан импорттолгон автоунаалар басымдуулук кылат. Бул өлкөдөн 28 млрд сомго 38 275 даана автоунаа алып келинген. Кытайдан 45,4 млрд сомдук 32 573 автоунаа импорттолсо, АКШдан 13,5 млрд сомго 15 миң машине алып келинген.

Кыргызстанга Орусиядан - 10,8 миң, Жапониядан - 9 миң, Германиядан - 4,6 миң, Грузиядан - 3,3 миң, Литвадан - 2,7 миң жана Канададан - 1,1 миң даана автоунаа кирген.

Мурдараак Кыргызстан Орусияга сырттан жаңы автомашина ташууда негизги транзитке айланганын орусиялык талдоочулар айтып чыккан. Ага ылайык, Орусияга жаңы машиналарды ташууда Казакстандын үлүшү (7,5%), Кыргызстан (5,8%), Беларус (2,5%), Армения (1,6%) жана Бириккен Араб Эмирликтери (1%) түзөт.

Жалпысынан быйыл Кыргызстан аркылуу Орусияга 31,7 миң жаңы жана 15,8 миң эски машина ташылып барган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG