Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:09

Кыргызстандан 51 килограмм алтын куйма чыгарып бараткан адам кармалды


Алтын куймалары. УКМК тараткан сүрөт.
Алтын куймалары. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандан 51 килограмм 866 грамм алтын куймаларын аткезчилик менен чыгарып кетүүгө шек саналып чет мамлекеттин жараны кармалганын билдирди.

Мекеме шектүү коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага жана көмүскө каражатты адалдоого багытталган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо иш-чараларынын жүрүшүндө “Манас” эл аралык аэропортунда колго түшкөнүн кабарлады.

Атайын кызмат чет элдик жеке ишкерлер алтын куймаларын аткезчилик жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушканын кошумчалады.

Сентябрь айында УКМК Кыргызстандан алтын буюмдарды аткезчилик жол менен чыгарып жүргөндөр кармалганын маалымдаган. Анда Кыргызстандын жараны “Манас” эл аралык аэропортунан Индияга 3 килограмм 985 грамм алтын буюмдарды алып чыгып кетүүгө аракеттенген учурда колго түшкөнүн билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG