Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Баткенде көмүрдүн тоннасы 7,5 миң сомдон өйдө сатылып жатат


Баткендеги көмүр сатылган жай. Архивдик сүрөт.
Баткендеги көмүр сатылган жай. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунун базарларда көмүрдүн тоннасы 7,5 миң сомдон 9 миң сомго чейин чыкты. Жогорку сапаттуу көмүр 9 миң сомдон 12 миң сомго чейин сатылууда.

Учурда облустун социалдык мекемелердин көмүр менен камсыздалуусу бекитилген график боюнча жүрүп жатат. Бул мекемелердин жалпы калктын керектөөсү 128 миң тоннаны түзөт.

Облустук акимчилик 14-ноябрда калктын көмүр менен камсыздалышы 55 пайызга жеткенин билдирди.

Аймакта 45 көмүр шахтасы иштеп, жылдык көмүр өндүрүү 765 миң тоннадан ашат. Учурда калкты көмүр менен камсыздоо үчүн 87 көмүр сатуучу түйүн иштеп жатат. Мындан тышкары калктын аялуу катмарын көмүр менен камсыздоо үчүн алты кампа уюштурулуп, тоннасы 5 миң сом деп бекитилген.

Бийлик көмүр өндүрүүчүлөрдүн экспортуна алты айлык мөөнөт менен тыюу салган чечимди ушул жылдын сентябрь айында кабыл алган. Экспортко ички керектөөлөр толук камсыздалгандан кийин гана уруксат берилет.

УКМК өткөн аптада Баткен аймагынан кошуна өлкөгө мыйзамсыз көмүр бизнесин уюштургандар кармалганын билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG