Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды


Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

15-ноябрда Бишкекте “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын мурдагы президенти, саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна маркумдун жакындары билдирди.

Алардын сөзүнө караганда, Топчубек Тургуналиев акыркы күндөрү ооруп жүргөн. Сөөгү 17-ноябрда Аксы районунда жерге берилет.

Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. 1965-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун аяктап, 1975-жылы ММУда (Москва мамлекеттик университетинде) кандидаттык диссертациясын жактаган.

Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында директор болуп иштеген. 1990-жылы “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруучуларынын бири, тең төрагасы болгон. “Эркиндик” партиясын түптөп, аны көп жылдар жетектеген.

1990-жылдардын башында ал кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигинин антидемократиячыл аракеттерин ачык сындап чыккан саясатчы Топчубек Тургуналиев үч ирет түрмөгө камалып, баш-аягы төрт жылдай темир тор артында отуруп чыккан. Ал ошол жылдары Кыргызстандын адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук институтун жана “Эркиндик” партиясын түптөгөн. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана Токой чарба боюнча агенттиктин төрагасы болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдары саясаттан алыстап, 2019-жылы “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясына төрага болуп дайындалган. Бул кызматтан 2021-жылы кеткен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG