Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Воронеж: ресторанга чогулган азербайжандык 50 киши комиссариатка чакыруу алды


Орусиянын Воронеж шаарынын полициясы азербайжандык 50 кишиге аскердик комиссариатка чакыруну тапшырды. Алар ошол маалда ресторандардын биринде туулган күндү белгилөө үчун чогулушканын "Вести Воронеж" телеграм-каналы маалымдады.

Күбөлөр айтып бергендей, тартип коргоочулар адегенде документтерди текшерип, андан кийин аскердик кызматка чакыруу кагаздарын тарата баштаган.

Кээ бир маалыматтарга ылайык, чакырууну жакында Орусиянын жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого тура электер алышты.

Октябрдын аягында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алган мигранттар Украинадагы согушка баргысы келбесе, аларды жарандыктан ажыратууну сунуш кылган.

Жазында орус президенти Владимир Путин согуш маалында армияда кызмат өтөө келишимин түзгөн чет элдиктерге жарандыкты жеңилдетилген тартипте берүүгө жол ачкан токтомго кол койгон.

Айрым маалымат каражаттары жана укук коргоочулар Борбор Азия менен Кавказдан барган мигранттар урушка күчкө салып же алдап тартылганы, алар топтолгон жерлерде – базарларда, мечиттерде рейддер жүргөнүн айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG