Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Финляндия Орусия менен чек ара бекеттерин жабышы ыктымал


Орусия-Финляндия чек арасы.
Орусия-Финляндия чек арасы.

Фин өкмөтү бейшембиде Орусия менен чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттерин жабат.

Бул коопсуздук максатында көрүлүп жаткан чара экенин өз булактарына шилтеме кылып, Helsingin Sanomat агенттиги маалымдады.

Басылма кабарлагандай, фин өкмөтү шейшембиде чалгын кызматынын чек арадагы кырдаалга байланыштуу маалыматын алган. Ал күнү Финляндияда алгачкы жолу үчүнчү өлкөлөрдөн башпаанек сурап келип жаткан адамдар кескин көбөйгөндөн улам, Орусия менен чек арада чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу маселе козголгон.

Хельсинки орусиялык чек арачылар мигранттарды атайылап Финляндияга өткөрүп жатат деп эсептейт, анткени мурда Финляндияга кирүүгө зарыл документи жок адам Орусиянын чек арасынан өтчү эмес.

"Азырынча чыгыштагы чек аранын бардыгын же айрымдарын гана жабуу планы тууралуу так маалымат жок," - деп жазды басылма.

16-ноябрда фин өкмөтү чек ара бекеттериндеги чектөөлөр тууралуу жарыялашы күтүлүүдө. Агенттиктин маалыматында, өткөрмө бекеттерден Шенген өлкөлөрүнүн жарандарын гана өткөрүү сунушу берилген. Бирок мындан башпаанек алгысы келгендердин абалы оорлойт, чек ара бекеттери жабылса, аларга башпаанек суроо мүмкүн эмес.

Акыркы күндөрү орус-фин чек арасына башпаанек сураган ондогон адам келген, алардын саны күн санап өсүүдө. Шаршемби кечинде алардын саны 74 адамга жетти. Бул бир күн мурдагыдан 20 адамга көп. Качкындар Ирак, Сирия, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Финляндия орус жарандары үчүн өлкөсүнө кирүү шартын катаалданткан. Шенген визасы бар адамдар да Финляндияга кире албайт, чек арадан өтүү үчүн кеминде Евробиримдикте жашоого уруксат берген кагазы болушу керек. Айрым учурларда аэропортко транзит аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Финляндияга Орусияда катталган автоунаалар да кире албайт. Мындай чектөө Еврокомиссия орусиялык мамлекеттик номурдагы автоунаалардын Евробиримдик аймагына кирүүсү - санкция менен тыюу салынган импортко барабар болорун жарыялагандан кийин киргизилген.

Ошол эле учурда суткасына бир нече ирет Хельсинки менен Санкт-Петербургдун аэропорттору аралыгында автобус каттамы бар. Чектөөлөр эл аралык транспортко таасирин тийгизери жөнүндө маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG