Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:05

УКМК Июнь коогасындагы жикчил топтун лидерлери кармалганын билдирди


Шектүүлөрдүн үйүн тинтүүдө табылган курал-жарактар. УКМК тараткан сүрөт. 16-ноябрь, 2023-жыл.
Шектүүлөрдүн үйүн тинтүүдө табылган курал-жарактар. УКМК тараткан сүрөт. 16-ноябрь, 2023-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2010-жылдын Июнь окуясында Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштургандардын лидерлери жана уюштуруучулары кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 16-ноябрда тараткан маалыматта, 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айылынан кыргызстандык жаран Г.Т.У. кармалды. Атайын кызмат аны 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында массалык башаламандык уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну буйруган жана кооптуу аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салган жикчил топтордун лидерлеринин бири болгон деп маалымдады.

УКМКнын маалыматында сузактык Р.А. аттуу жарандын жикчилдик иштерге тиешеси бардыгы аныкталган. Ал Июнь окуясында Сузак районундагы Круговое деп аталган жер тилкесиндеги абалга жооптуу болгон.

"Анын жашаган жерин тинтүү учурунда: 6,5мм калибрлүү 1 - “SAKO TRG-22” снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) Prazise Jagen оптикасы жана Pulsar түнкү көрүү аппараты менен, 1 – SAUER 101 карабини, 1 - 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал FABARM XLR жана анын 76 даана огу алынды", -деп жазылган маалыматта.

Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2010-жылдагы Июнь окуяcына тиешеси бар деген шек менен сентябрда алты кишини - "жикчил топтордун лидерлери" деген негизде кармап, камакка алган.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

2021-жылы УКМК каргаша тууралуу козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирип, бир катар кишилер сурак берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG