Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Акыйкатчы кордолгон эгиз кыздардын укугунун корголушун камсыздоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева апасы сабап жаткан видеосу интернетте тараган эгиз кыздар боюнча ишти өз көзөмөлүнө алып, тергөө жүргүзүп жаткан органдарды наристелердин укугу корголушун камсыздоого чакырды. Бүгүн 16-ноябрда омбудсмендин кеңсеси тараткан маалыматта Араван райондук соттук-медициналык экспертиза мекемесинин кызматкерлери кыздардын көк ала денесинен көптөгөн тактар, шишиктер, ийне сайылган тактар аныкталганын айтып беришкени кабарланды.

Дарыгерлер наристелер зомбулукка мурдатан бери кабылып келген болушу ыктымалдыгын, азыр алардын абалы орточо оор, туруктуу экенин билдиришти.

Акыйкатчынын өкүлдөрү камакта отурган эне менен жолугуп чыгышканы, ал жарандык никедеги күйөөсүнүн бир туугандарынын, кайненесинин кордугунан улам ачуусун кыздарынан чыгарып келгенин айтып бергени маалымдалды.

“Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген”, - деп айтып берген келин.

Ал өзү ата-энеси жок, чоң апасынын колунда чоңойгон, мектепти 9-класстан кийин эле таштап, 18 жашында күйөөгө чыгып, эгиз кыздуу болгону, ажырашып кеткенден кийин атасынын үйүнө батпай, башка кишиге күйөөгө чыгып, аны менен жарандык никеде жашап жүргөнү айтылды.

Кыздарга кордук көрсөткөн деп шектелип жаткан жарандык никедеги күйөөсүнүн энесине жана эжесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эки жашар наристелерин сабап жаткан келиндин видеосу өткөн аптада социалдык түйүндөрдө тарап, 8-ноябрда Ош облустук милициясы 21 жаштагы келин кармалганын маалымдаган.

Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") боюнча иш козголуп, келин камакка алынган.

Кыздар кийин өз атасына өткөрүлүп берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG