Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Ереван Азербайжан менен үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышууга макул болду


Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Вахан Костанян жана ЕБнин расмий өкүлү Энрике Мора. Брюссель. 15-ноябрь, 2023-жыл
Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Вахан Костанян жана ЕБнин расмий өкүлү Энрике Мора. Брюссель. 15-ноябрь, 2023-жыл

Ереван Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин арачылыгы менен уюштурулуп жаткан Азербайжан менен үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышууга макул болду. Бул тууралуу 15-ноябрда Армения - Евробиримдик жыйынынын соңунда белгилүү болду. Жыйынга армян тышкы иштер министринин орун басары Вахан Костанян жана ЕБдин расмий өкүлү Энрике Мора катышкан.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Европа биримдиги өлкөнүн суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын бүтүндүгүн айныксыз колдой турганын ырастады. Брюссел ошондой эле 1991-жылы белгиленген чек аралардын бүтүндүгүн таануунун негизинде Ереван-Баку мамилелерин жөнгө салууну кубаттарын билдирди.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Армен Григорян жакында шаркеттин Түштүк Кавказдагы өкүлү Тойво Клаар менен жолугушканда Ереван Брюссел сунуш калган форматта сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин бышыктаган.

Атын атагысы келбеген Евробиримдиктин жогорку аткаминери “Азаттыктын” армян редакциясына айтып бергендей, ушу тапта Армениянын премьери Николь Пашинян, Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Шарль Мишелдин катышуусунда жолугушуу өткөрүү үчүн тараптар менен өз-өзүнчө сүйлөшүү жүрүүдө. Азырынча андан майнап чыга элек, бирок лидерлер декабрда кездешүүсү мүмкүн.

Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келген. Быйыл 19-сентябрда Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.

Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак Республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG