Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Партиялардын динди колдонушун тыюу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты


Кыргызстандагы мечиттердин бири.
Кыргызстандагы мечиттердин бири.

Кыргызстанда "Диний чөйрөдөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия иштеп чыккан.

Мекеме долбоор динди саясатка, шайлоого, билим берүүгө аралаштырбоо максатын көздөй турганын билдирди.

Документте "Саясий партиялар жөнүндө", "Шайлоо жөнүндө" жана башка бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, Кыргызстанда чет мамлекеттердин саясий партияларын, алардын бөлүмдөрүн түзүүгө, ишмердик жүргүзүшүнө, диний партияларды түзүүгө жана саясий партиялардын дин иштерине катышуусуна тыюу салуу сунушталган.

Шайлоолордо үгүт жүргүзүүдө жана партиянын аталышында, үгүт материалдарында диний тематикага карата тикелей жана кыйыр шилтемелерди камтыган маалыматтарды берүүгө да болбой турганы белгиленген. Диний мазмундагы маалыматты колдонууга жана таратууга уруксат жок. Шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын ишин чет элдик партиялар, ишкана-мекемелер жана жарандар, диний мекемелердин каржылоосуна да тыюу салуу демилгеси жазылган.

Демилгечилер карыялар жана майыптар үйлөрүндө, жаза өтөөчү мекемелерде, тергөө абактарында, аскердик бөлүктөрдө диний ырым-жырым, чогулуштарды жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн диниятчыларды чакырууга тыюу салууну сунуштоодо. Алардын демилгеси боюнча, мечит, чиркөө жана башка диний объектилерде шайлоо алдындагы үгүт, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынышы керек.

"Диний уюмдар же алардын өкүлдөрү мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигише албайт. Диний окуу жайдан тышкары жерлерде сабактарды окутууга, сыйынуу жайларын ачууга жол берилбейт. Диний адабияттар, басма, аудио, видеоматериалдарды коомдук жайларда, көчөдө, көп кабаттуу үйлөрдө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, бала бакчаларда жана мектептерге жайылтууга уруксат берилбеши керек", - деп көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда.

Анын коомдук талкуудагы мөөнөтү 10-декабрда аяктайт.

Кыргызстандын Баш мыйзамында дин мамлекеттик башкарууга аралашпай турганы жазылган.

Ушул аптада Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова элдин коопсуздугун камсыздоо зарыл деген жүйө менен паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарган. Анда талапты аткарбагандарга 2 миң сом өлчөмүндө айып пул салып, 30 күн коомдук жумушка тартуу, кайра кайталанса, айып пулдун жана жумушка тартуунун мөөнөтүн узартуу сунушталган.

Документ коомдо кызуу талкууланып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG