Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Президент Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү


Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров. Архив.
Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну дагы күчөттү. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ырастады.

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү”, - деди Аскат Алагөзов.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары мындай чечим соңку убакта атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы өткөргөн атайын операция, иш-чараларга байланыштуу экенин жазышты.

Камчыбек Ташиев акыркы эки айга чукул убакыттын ичинде уюшкан кылмуштуу топтор, коррупциялык схемаларга тиешеси бар адамдар тууралуу бир нече жолу билдирүү жасады.

Ал 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен маркум Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн.

Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин дайындалган. Президент Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG