Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Гүлжан Шерипбаева соттун чечими менен 14 күнгө камалды


Гүлжан Шерипбаева.
Гүлжан Шерипбаева.

Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына 14 күнгө камалды.

Бул тууралуу журналисттин иниси Майрамбек Каримов "Азаттыкка" билдирди.

Шерипбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, айып коюлуп жатканы белгилүү болду. Сотко журналисттин өзүн алып келишти, сот процесси жабык өттү. Шерипбаеванын укугун мамлекеттик жактоочу коргоодо.

Мындан эки күн мурда Майрамбек Каримов анын эжесин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Nazar news сайтынын кеңсесине келип, алып кетишкенин айткан.

"Бизге жеткен маалыматтар боюнча эжемди мамлекеттик адвокаттын катышуусунда суракка алышып, эки суткага камашыптыр", - деген Майрамбек Каримов.

Шерипбаева УКМК аны кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түшкө маал Фейсбуктагы баракчасына "Мени УКМК алып кетти" деп жазган.

Гүлжан Шерипбаева 2010-жылы апрелдеги элдик толкундоодон кийин өлкөдөн качып кеткен Курманбек Бакиевди жактап келген. Акыркы убакта соцтармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга шектелип соттолгон Райымбек Матраимовго жана атайын операция маалында жок кылынган Камчы Асанбекке (Колбаев) колдоо билгизген.
Азырынча УКМК Гүлжан Шерипбаева боюнча маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG