Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Ташиев Ошто чиновник эмнеге кызматтан кеткенин айтты


Уристем Манапов. Фото Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Фейсбуктагы барагынан.
Уристем Манапов. Фото Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Фейсбуктагы барагынан.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов өз каалоосу менен кызматтан кеткени 17-ноябрда белгилүү болду.

Манаповдун кызматтан кетиши бийликтин уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүнүн алкагында болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда УКМКнын Панфилов районундагы бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш токтобой турганын, анын алкагында Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер аныкталып, кызматтан кетип жатканын билдирди.

"Мындан ары эч кимди аябайбыз. Өзгөчө уюшкан кылмыштуу топтор менен, коррупционерлер менен тыгыз байланышып жүргөн мамлекеттик кызматкерлерге аёо болбойт. Мына кечээ президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматтан алынды. Өзгөн шаарынын мэри камалды. Мындай иштер мындан ары да уланат. Ушундай жол менен биз тартип орнотобуз", - деди Камчыбек Ташиев.

2021-жылдын сентябрында Уристем Манапов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Зиядин Жамалдиновдун ордуна дайындалган. Быйыл апрелде ал өкүлдүн биринчи орун басарлыгына которулган.

УКМК төрагасынын маалыматы боюнча Камчы Көлбаев менен Раимбек Матраимовго 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин байлынышы аныкталган.

Алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкен. Атайын кызматтын төрагасы алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынганын белгиледи. Анын айтымында, бажы кызматында эле 85 адамдын байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан алынган.

Кмчыбек Көлбаев быйыл 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ал эми Раимбек Матраимов коррупциалык иштерген аралашкан деп соттун чечими менен айыптуу катары табылгандан кийин мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG